Director
Байтерекова Женишкуль Саматовна - филология илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти.
Кыргыз тили жана маданияты борбору Москва мамлекеттик лингвистикалык университети (ММЛУ) менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин (БГУ) ортосунда түзүлгөн кызматташтык Келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлигинин колдоосу менен түзүлгөн.
Борбор 2003-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы О.И.Ибраимов, Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министри И.С. Болжурова жана Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору И.И.Халеева тарабынан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият Жумалыгында салтанаттуу түрдө ачылган.
Борбордун салтанаттуу ачылышына Бишкек гуманитардык университетинин эл аралык байланыш проректору С.Э.Курманбаев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улутук университетинин доценти Г.Жаманкулова, Россия Федерациясынын мамлекеттик Думасынын депутаты М.И.Залиханов, Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин эл аралык байланыш проректору Ю.А.Сухарев, ММЛУнун студенттери жана журналисттер катышкан.
2008-жылы июль айында ММЛУнун уясынан кыргыз тилин окуп-үйрөнгөн биринчи адистер учурулган. Азыркы учурда Кыргыз тили жана маданияты борборунда ММЛУнун студенттерине кыргыз тилин Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты Ж.С. Байтерекова окутуп жатат.
Сабактардын бардыгы Кыргыз тили жана маданияты борборунда жүргүзүлөт. Борбордун бай китепканасы кыргыз тили жана көркөм адабияты, кыргыз тарыхы, маданияты, искусствосу боюнча көп сандаган кызыктуу китептер менен жабдылып, окутуу процессинде зарыл керек болгон аудио-видео материалдар, учурдун мыкты техникалык каржаттары менен толукталган.
Кыргыз тили аркылуу кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын таанып-билип жатышкан россиялык студенттер окуу процессинде кыргыз элинин белгилүү инсандары менен жолугушуп, кызыктуу маектердин ээлери да болушат. Мындай көрүнүштөрдүн катарын улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен болгон жолугушуу, кыргыз адабиятынын жана искусствосунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуулар, Кыргыз Республикасынын ЖОЖ ректорлору менен болгон жолугушуулар, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ыйгарым жана толук укуктуу элчиси менен болгон жолугушуулар толуктайт. Мындан тышкары, кыргыз тилин үйрөнүп жатышкан россиялык студенттер Кыргызстанда тил тажрыйбасын өткөрүшүп (төрт жылдык окуу процессинин ичинде 1-2 жолу), китеп, интернет аркылуу окуп-үйрөнгөндөрүн тажрыйбалап турушат.
